Бостеридеги жигиттин өлүмү: Милиция шектүү катары төрт кишини кармады

Бостеридеги жарандын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-августта ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин маалымдалгандай, 6-августта Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. аттуу жарандын өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

Окуяны мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган.

8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери ишке ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалган.

"Андан тышкары, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 220-беренесинин (Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү) негизинде сотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери ишке ашырылды.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болуп чыгышты.
Аталган жарандар кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБинин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2023-08-14 10:06:00
Мурунку аракет кылбаган, кылмышкерлердин ишин жашырган милицияны дагы камагыла.
+4
Мирлан
2023-08-14 10:33:00
Бозтеринин эли эми эмне деп актанып чыгасынар? Талмасы кармап олдубу же сабаб олтурдунорбу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан