Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Араб клубдарынын кубогунун финалында мыкты оюнчу деп табылбай калганына нааразы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Турнирдин финалдык беттешинде "Аль-Наср" командасы "Аль-Хилал" командасын 2:1 эсебинде жеңип алды. Бул оюнда Роналду гана командасы үчүн гол киргизип, дубль жасаган.
Финалдык оюндан кийин беттештин эң мыкты оюнчусу болуп "Аль-Хиляль" клубунун сербиялык жарым коргоочусу Сергей Милинкович-Савич табылды. Сыйлык тапшыруу аземинде Роналду эки гол киргизгенин колу менен көрсөтүп, уюштуруучулардан түшүндүрмө берүүнү талап кылып, жаңжал чыгарган.