Биз социалдык тармакта

Америкалык улакчы Кыргызстандан кайсы команданы жана көк бөрүчүнү жактырарын айтты

Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугуна катышып жаткан америкалык улакчылар Кыргызстандан кайсы команданы жана оюнчуларды жактырарын айтышты.
"Мен "Сары-Өзөн" жана "Достук" командаларын жакшы көрөм. Ал эми оюнчулардан Сейитбек (ред: Сейитбек Анарбек уулу), Рустам (ред: Рустам Тыналиев) аябай жакшы ойнойт. Манас Ниязов жана анын бир туугандары да мыкты. Булардын баары бизге аябай жардам беришкен. Баары сонун жигиттер", - деди америкалык команданын оюнчусу Лед Хаувел.
Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-20-август күндөрү Чолпон-Атада өтүүдө. Мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан, АКШ жана Орусиядан келген 22 команда ат салышып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан