Бүгүн, 14-августта абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуунун бешинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, абитуриенттерди каттоо 16-август күнү саат 14:00дө аяктайт.
Буга чейин ЖОЖдорго кабыл алуунун 1-2-3-4-турунда 21 миң 750 абитуриент кабыл алынган.
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/vuz шилтемеси аркылуу ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.