Өлкөдө бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды  

Кыргызстанда акыркы жумада 21 миң 203 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 277;
  • мас абалында рулга отуруу - 241;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 53;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1167;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 190;
  • автоээнбаштык - 8;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 832;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 10 435.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1424 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан