Беларусь өлкөсүндө өтүп жаткан II КМШ оюндары жыйынтыкталды. КМШга мүчө жана башка бир катар мамлекеттердин башын бириктирген спорттук иш-чаранын салтанаттуу жабылыш аземи 14-августка караган түнү "Минск-Аренада" болуп өттү. Оюндар 4-август күнү башталган. Анда 20 спорттун түрүнөн 246 комплект медаль ойнотулуп, жалпы 22 өлкөдөн келген спортчулар күч сынашты.
Мелдешке Кыргызстандын атынан 200гө жакын спортчу катышып, спорттун 17 түрүнөн өлкө намысын коргоду. 10 күнгө созулган мелдештердин жыйынтыгында Улуттук курама команда медалдардын саны боюнча 7-орунга жайгашты. Ата мекендик спортчулар 1 алтын, 8 күмүш жана 18 коло медаль жеңип, жалпы 27 медаль топтоого жетишкен.
Рейтингде 1-орунду 288 медаль менен Орусия ээледи. Орусиялык спортчулар 149 алтын, 89 күмүш жана 50 коло медаль жеңген. Ал эми үй ээси саналган Беларусь өлкөсү 48 алтын, 78 күмүш, 110 коло байге менен 236 медаль жеңип, тизменин экинчи сабынан орун алды. Калган орундарга Өзбекстан (28 алтын, 25 күмүш, 53 коло), Азербайжан (10 алтын, 17 күмүш, 35 коло), Казакстан (7 алтын, 14 күмүш, 32 коло) жана Армения (2 алтын, 2 күмүш, 4 коло) жайгашты.
Ал эми Ливан, БАЭ, Пакистан, Бахрейн, Малайзия, Кувейт, Оман жана Венесуэладан келген спортчулар бир дагы медаль албастан үйлөрүнө кайтышты.
Белгилей кетсек, кийинки III КМШ оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.