Японияда тайфундан улам 240 аба каттам токтотулду

Японияда "Лан" тайфунуна байланыштуу кеминде 240 каттам токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, тайфун Хонсю аралынын жээктерине жакындагандыктан алдыдагы күндөрдө токтотулган же кармалып калган каттамдардын саны көбөйүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары темир жолдордо да кыйынчылыктар күтүлөт. Шейшемби күнү поезддер Осака менен Токио станцияларынын ортосундагы өлкөдөгү эң көп бөлүктө токтотулушу мүмкүн.

Учурда кырсыктын очогу Хатидзе аралына жакын жайгашкан. Тайфун 15-августка чейин Хонсю аралынын жээктерине жана Токай аймагына жетиши күтүлүүдө.

Учурда көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап жатат.

Буга чейин Япониянын Окинава префектурасында "Канун" тайфунунан эки адам каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан