Бишкекте бүгүн, 14-августка караган түнү ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.
Тилсиз жоону өчүрүүгө алгачкы күжүрмөн эсеп саат 00:31де буга кошумча дагы 4, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган.
Мындан сырткары ИИМден 2 экипаж жана РЭТтен 1 бригада жеринде иштөөдө.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен тилсиз жоо саат 01:32де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, 14-августка караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Саадаева менен Орозова көчөлөрүнүн кесилишинде "Сары-Таш" соода борборунун жанында жайгашкан контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Министрлик өрттү өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилерин билдирди.