Казакстанда масштабдуу түрдө банан өндүрүлө баштады

Казакстанда биринчи жолу өнөр жайлык масштабда банан өстүрүлө баштады. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары Айыл чарба министрлигининин маалыматына таянып жазып чыкты.

Ага ылайык, Казакстандын Түркстан облусунда банан өндүрүү боюнча күнөскана комплекси ачылган.

Түркиянын "GenGroup Qazaqstan" компаниясы аймактагы 5,3 гектар жерге күнөскана комплексин курганы айтылат.

"Жакынкы аралыкта күнөскана дагы 5 гектарга кеңейип, жылына 1000 тоннага жакын банан өндүрүлөт. Биринчи түшүмүн 6-8 айда алуу пландалууда. Күнөсканаларда экзотикалык мөмө-жемиштерден тышкары помидор, кулпунай өстүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Банан сорту атайын өстүрүлүп, Казакстандын климаттык шартына ылайыкташтырылганы маалымдалат.

"Долбоордун биринчи этаптагы баасы 4 миллион долларды түзөт. Курулуш учурунда түркиялык компания күчтүү конструкцияларды колдонгон, күнөсканалар климаттык контролдоо жана адаптацияланган тамактануу системасы менен жабдылган. Бул аба ырайынын катаал шарттарында да өсүмдүктөрдүн генетикалык потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет", - деп жазылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан