Кытай Кыргызстанга лайм, лимон жана алмуруттун экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Кытай Кыргызстанга лайм, лимон жана алмуруттун экспортун өстүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы эл аралык сооданы өнүктүрүү жана ишкердик кызматташууну кеңейтүү боюнча иш-чаралардын алкагында Кытайдан Кыргызстандын аймагына жаңы лайм, лимон жана алмурутту экспорттоого көмөктөшүү боюнча жыйын өттү.

"Катышуучулар бул мөмө-жемиштерди экспорттоо жана импорттоо жаатында кызматташуунун негизги аспектилерин талкуулап, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы сооданы көбөйтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан