Быйыл Бишкектеги 12 жаңы конушка газ киргизилет

Быйыл Бишкек шаарындагы 11 жаңы конушка газ жеткирилет. Бул тууралуу, бүгүн, 14-августта “Газпром Кыргызстан” компаниясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Төкөлдөш, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Ала-Арча жаңы конуштарында газ түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Чүй облусунун Новопавловка жана Селекционное айылдарында да иштер башталганын, жакында Бакай-Ата, Жогорку Көк-Жар, Попеновка жана Товарная калктуу конуштарында да жумуш баштоо пландалып жатканы айтылат.

Ага ылайык, 2023-жылы 218 чакырымдык газ түтүктөрүн орнотуу пландалган. Ал эми жыл башында борбор калаадагы Кырман жаңы конушуна газ берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан