Талас облусунун Талас жана Айтматов райондорунда үч киши мал уурулук боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-июлда милицияга Талас районунун Талды-Булак жана башка айылдарынан 6 жаран арыз менен кайрылышкан. Анда алар июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш койду белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Талас райондук жана облустук кылмыш иликтөө кызматы тарабынан шектүү катары Талас жана Айтматов райондорунун 26 жаштагы А.И., Т.А. жана Т. уулу Б. кармалган.
Шектүүлөр ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.