Билим берүү министри Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен спортчуларды сыйлады

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жайкы универсиадада жана Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткен спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада коло медаль алган Нурсултан Кеңешбеков жана мектеп командалары арасындагы шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугунда (World Schools Team Championship) жеке эсепте алтын медаль алган Азиз Дегенбаев менен жолугушту.

Министр балдарды дүйнөлүк аренадагы ийгиликтери менен куттуктап, 5 күн Ысык-Көлдө эс алып келүүгө жолдомо берип, китептерди тапшырганы айтылат.
"Мектеп командалары арасындагы шахмат боюнча Дүйнө чемпионаты 3-7-августта Казакстандын Актау шаарында өтүп, 53 өлкөдөн 300дөн ашуун шахматчы катышкан.
Кыргызстандын атынан чемпиондукка И.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплексинин төрт окуучудан турган командасы катышып, 43 команданын ичинен 9-орунду ээледи.
Дүйнө чемпиондугунда Азиз Дегенбаев жеке эсепте мүмкүн болгон сегиз упайдын сегизин тең топтоп, биринчи тактада алтын медалга ээ болду", - деп жазылат анда.
27-июлдан 9-августка чейин Кытайдын Чэнду шаарында өткөн XXXI Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада Нурсултан Кеңешбеков 5 миң метрге чуркап, коло медалга татыган.
Универсиада оюндарына Кыргызстандын студенттик курама командасы спорттун 5 түрү: жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана ок атуу боюнча катышып келгендиги кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан