Орусияда 1 доллардын баасы 100 рублдан ашты

Бүгүн, 14-августта Орусияда 1 АКШ долларынын баасы 100 рублдан ашты. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкүгө карата АКШ валютасы 100,5 рублдан сатылса, евро 110 рублга жакындады. Юандын баасы 13,7 рубль болду.

Мындай көрсөткүч 2022-жылдын март айынан бери боло элек болчу.

Жай айынын башында рубль дүйнөдөгү эң алсыз валюталардын үчилтигине кирип, туруксуздугу боюнча алдыда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-08-14 18:43:00
Шерменде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан