ИИМ Бостеридеги жигиттин өлүмүнө шектелип кармалгандардын видеосу боюнча маалымат берди

Шектүүлөрдү кармоо учуру видеого начар тартылып калгандыктан эски кадрлар колдонулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

"Бостери айылындагы "Золотые Пески" пансионатынын жээгинде эс алуучунун өлүмүнө шектүүлөр түндө кармалгандыктан, кадрлардан абдан начар көрүнүп калган. Буга байланыштуу архивдик видео колдонулган. Бирок кармалган шектүүлөр ошолор эле. Алар эки айга камакка алынды. Менин бир эле катам видеого "архив" деп жазбай койгонумда болуп жатат", - деди Усубакунов.

Буга чейин милиция "23 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү кармоо учуру" деп эки жыл мурунку уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган кадрды көрсөткөн.

Бостеридеги жигиттин өлүмү: Милиция шектүү катары төрт кишини кармады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мирлан
2023-08-14 15:59:00
Шалакылык. Негизи бул тергоодо бир сыр бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан