16-августта Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу токтотулат

Ушул жылдын 16-августунда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, 16-август күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месароша көчөсү, Фучик көчөсү, Д.Сяопин проспектиси, Профсоюз көчөлөрү менен чектелген аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде, социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Ичүүчү сууну өчүрүү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана диаметри 150 миллиметр болгон басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу экени айтылат.
"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан