Кечээ, 13-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында эки жаш бала бар, бирөө беш айлык, экинчиси 1,5 жашта болгон.
Ал эми жараат алгандардан үчөө Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, калган үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылган.
Кырсык Кызыл-Омол уран кенине жакын жерде катталып, BMW жана Audi унаалары бетме-бет сүзүшкөн.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда бул боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.