Билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар башталды

Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн вебинарлар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жаңы 2023-2024-окуу жылына карата усулдук жардам берүү максатында вебинарлар башталды.
Вебинарлар республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун базасында Zoom платформасы аркылуу өтүп, ага 7 миңге жакын педагог катышып жатканы айтылат.
Министрлик 15-16-17-август күндөрү Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан өткөрүлө турган вебинарлардын темасы менен бөлүшөт.
Венибардын темалары:
- Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында санариптик технологияларды колдонуунун жолдору;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин үйрөтүүдө колдонуучу жаңы методдор жана технологиялар;
- практикага багыттап окутуу кенже мектеп окуучуларынын компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун негизи катары;
- 5-11-класстарда “Грамматикадан кепке технологиясын” колдонуу;
- 2023-2024-окуу жылында кыргыз адабияты предметин окутуу боюнча методикалык сунуштар;
- орус тилин экинчи тил катары окутууда текстке борборлоштурулган мамиле;
- адабият сабагындагы суроолор жана жооптор: Канткенде окуучунун үнүн угабыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан