Коңшу Тажикстанда компанияга таандык болгон ири суммадагы акчаны өз унаасында өрттөп жиберүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 39 жаштагы М.Ж. аттуу тажик жараны "Омега-фудс" компаниясында иштеп келген. Ал жетекчиликтен компаниянын 3 миллион 500 миң сомони акчасын банкка которуу тапшырмасын алган. Бирок тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, ал бул акчанын миллион сомониге жакынын жеке максаттарына жумшап ийген.
Андан кийин ал кылмышын жашыруу үчүн калган 2 жарым миллион сомони акчаны (19 миллион 967 миң сом) унаасынын арткы орундугуна баштыктарга салып туруп, өрттөп жиберген.
Полиция өрт коюунун максаты жалган көрсөтмө берүү болгонун белгилейт. Тагыраагы, шектүү техникалык себептерден улам унаасында өрт чыгып, бардык акча күйүп кеткендей план түзгөн.
Тергөө учурунда шектүү күнөөсүн моюнуна алган.