“Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы жаңы техникалар менен толукталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин жана ишкананын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынган 7 жаңы заманбап атайын техникалар менен жабдууларды тапшырды.
Шаар башчысы техникалар ишкананын өндүрүштүк-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, шаардын тазалыгын камсыз кылуу, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен иштин сапатын да жакшыртарын белгилеген.
Ишканага төмөнкү техникалар сатып алынган:
- Көчөлөрдү жууп тазалоочу, Dongfeng маркасындагы 2 бирдик чаң соргуч автоунаасы;
- Таштанды ташып чыгаруучу (6 куб метр сыйымдуулугу менен) Dongfeng маркасындагы 2 бирдик атайын автоунаасы;
- 1 тонналык жүк ташуучу 2 электротрицикл;
- Таштанды чогултуучу 1 электротрицикл;
- Шыпыруучулар үчүн жабдуулары менен арабасы бар 30 таштанды чогултуучу контейнер;
- Шыпыруучулар үчүн 100 даана таштанды тергич.