Футбол: Неймар дагы Сауд Арабияга бармай болду

Бразилиялык белгилүү чабуулчу Неймар жакын арада сауд арабиялык "Аль-Хиляль" клубу менен келишим түзөт. Бул тууралуу журналист Фабрицио Романо билдирди.

Маалыматка ылайык, 31 жаштагы бразилиялык футболчу буга чейин эки жылдык келишимге кол койгон. Бүгүн Неймар медициналык текшерүүгө байланыштуу бардык керектүү процедураларды бүтүрүп, жуманын аягына чейин сауд арабиялык клуб жайгашкан жерге келет. Ал "Аль-Хиляльда" 10-номур менен ойнойт.

Эки жылда бразилиялык футболчу Сауд Арабияда жалпы 160 миллион евро табат.

Муну менен Неймар Европадан "Аль-Хиляль" клубуна барган бешинчи футболчу болот. Буга чейин эр-рияддык клубу "Челсинин" коргоочусу Калиду Кулибали, "Вулверхэмптондун" жарым коргоочусу Рубен Невес, "Лацио" клубунун жарым коргоочусу Сергей Милинкович-Савич жана "Зениттин" чабуулчусу Малкомду сатып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан