Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда саясий, соода-экономиикалык жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна расмий сапар менен баргандан кийин, октябрь айында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапар менен келет.