КМШ оюндары жыйынтыкталып, улуттук курама команда 27 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи. Улуттук курама 1 алтын, 8 күмүш, 18 коло медаль уткан. Жалгыз алтын байгени кыз-келиндер күрөшү боюнча Нурзат Нуртаева багындырды.
Аталган турнир 4-13-август күндөрү Беларустун Минск шаарында өтүп, спорттун 20 түрүнөн 23 мамлекет катышты. Кыргызстандын курама командасы спорттун 17 түрүнөн ат салышып, 200дөн ашык спортчу барган.
Алдыңкы үчтүккө Орусия, Беларусь жана Өзбекстан чыккан. Казакстан бешинчи сапты ээлесе, Тажикстан сегизинчи орунга илинген.
Белгилей кетсек, III КМШ оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.