Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең, 16-августта Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы эскертет.

Белгиленгендей, саат 10:00дөн 18:00гө чейин Месароша көчөсү, Фучик көчөсү, Д. Сяопин проспектиси, Профсоюз көчөлөрү менен чектелген аймакта суу болбойт.

Ичүүчү сууну өчүрүү абоненттерди Тверская көчөсүндөгү жаңы суу түтүгүнө кайра туташтырууга жана диаметри 150 миллиметр болгон басым бурама тээгин орнотууга байланыштуу.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан