
Ош шаарында 16-17-18-19-август күндөрү “Бий искусствосу-2023” Эл аралык бийчилер фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган фестиваль Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык кеңешинин колдоосунда, Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан алгачкы ирет өткөрүлөт.
Фестивалга Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат.
Иш-чара саат 18:00дө башталып, Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрында өтөрү кабарланды.
Иш-чаранын программасы:
16-август:
Саат 19:00дө эл аралык “Бий искусствосу-2023” фестивалынын катышуучулары борбордук аянтка чогулуп, Бабур театрына чейин жөө жүрүшкө чыгышат.
Саат 20:00дө фестивалдын ачылыш аземи башталат.
17-август:
Саат 19:00дө У.Салиева көчөсүндө жайгашкан аллеяда тургундар жана коноктор үчүн фестивалдын катышуучулары өнөрлөрүн тартуулашат.
18-август:
Саат 19:00дө бий-концерт А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан “Глобус” соода борборунун алдында кайталанат.
19-август:
Саат 19:00дө Бабур театрынын алдында “Бий искусствосу-2023” фестивалынын жабылуу аземи өтөт. Ошондой эле жалпы катышуучулардын катышуусунда флешмоб тартууланары айтылат.