Бүгүн Оштун айрым көчөлөрүндө газ берүү убактылуу токтотулат

Бүгүн, 15-августта Оштун айрым көчөлөрүндө убактылуу газ берүү токтотулат. Бул туурасында Ош шаардык мэриясы билдирет.

Маалымдалгандай, саат 10:00дөн 17:00гө чейин Курманжан Датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот.

Газ берүү “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” ишканасы Курманжан Датка, Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныктап, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлүүдө.

"Ошгаз" ишканасы шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан