Жалал-Абадда жаңы окуу жылына карата 17 мектеп пайдаланууга берилет

Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 1-сентябрына карата жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет. Бул туурасында президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалымдалгандай, имараттардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланган.

"12 мектеп өлкө казынасынан, 1 мектеп жергиликтүү бюджеттен, калган 4 мектеп эл аралык фонддордун каржылык көмөгү менен курулган", - деп айтылат билдирүүдө.

Аксы районунда 3, Ала-Бука районунда 2, Базар-Коргон районунда 2, Ноокен районунда 2, Сузак районунда 5, Токтогул районунда 2, Тогуз-Торо районунда 1. Мектеп имараттарын 2023-2024-жаңы окуу жылына карата колдонууга берүү пландалган. Азыркы учурда имараттарды ички жасалгалоо, керектүү жабдыктар менен камсыздоо жумуштары аткарылып жатат.

Кошумчалангандай, облус боюнча жыл аягына чейин жалпы 20 мектеп бүткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан