Чолпон-Ата жана Бостериде эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөнгө шектүү жигиттер кармалды

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюм-тайымдарын уурдап жүргөн балдардын тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата жана Бостеридеги пляждарда эс алуучулардын телефондорун жана акча каражаттарын уурдап жүргөн 4 жигит кармалды. Алар 20 жаштагы К.Б, С.И жана Д.И аттуу Бишкек шаарынын тургундары. Үчөө тең мурда соттолгон. Ошондой эле аларга шериктеш дагы бир 23 жаштагы Т.А аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.

Кылмышка шектүүлөргө жалпы 8 факты боюнча айып коюлуп, алар келтирген материалдык зыяндын көлөмү 310 миң 496 сом экендиги аныкталган.

Кармалгандарга карата 205-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен шектүүлөрдүн үчөө үй камагына чыгарылды. Ал эми Д.И. тергөө иштери аяктаганга чейин 2 айга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан