Лейлек районунун жергиликтүү бюджетинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Лейлек районунун жергиликтүү бюджетинде 4 миллион 790,3 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Эсептөө палатасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жалпы каржылык бузуулардын ичинен товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 13,4 миң сом, каражаттарды сарптоодогу чектен чыгуулар жана кемчиликтердин жалпы суммасы – 4445,0 миң сом, анын ичинен:

- эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр – 470,4 миң сом;

- материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарын, жоопкерчиликке берилген каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруулар – 141,4 миң сом (андан сапар чыгымдарын ашыкча төлөөлөр 27,5 миң сом);

- курулуш иштерине кошуп жазуулар –1819,8 миң сом;

- максатсыз чыгымдар – 120,4 миң сом;

- дебитордук карыздарды эсептен жашыруу жана кредитордук карыздарды эсепте ашыкча көрсөтүү – 1893,0 миң сом;

- бюджетке кошумча эсептөөлөр – 243,5 миң сом;

- Социалдык фондуна кошумча эсептөөлөр – 88,4 миң сом.

Ага ылайык, жалпы аныкталган – 4790,3 миң сом каржылык бузуулардын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгону – 4344,0 миң сом, аудиттин жүрүшүндө – 1657,1 миң сом ордуна коюлду. Ал эми ордуна коюлбаган сумма – 2686,9 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары – 340,9 миң сомго бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган, анын ичинен:

- товардык-материалдык баалуулуктарды нормадан ашыкча сарптоолор – 29,7 миң сом;

- ижара акы боюнча дебитордук карыздарды пландан азайтуу – 135,4 миң сом;

- башка резервдер жана жоготуулар – 175,5 (эл.эн.штраф, КБФ жерлерин ижарага акылары, ж.б.).

"Лейлек районунун Кең-Талаа айыл өкмөтүндөгү – 618,0 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, Разаков шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментиндеги – 957,9 миң сомдук ижара боюнча өндүрүлбөгөн дебитордук карыздар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн, укук коргоо органдарына жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан