"Семенов Тянь-Шаньский" чокусунда дайынсыз жоголгон дагы бир туристти издөө иштери токтотулду

Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып кеткен орусиялык жаранды издөөдөн натыйжа болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 14-июлунда 1991-жылы туулган Орусиянын жараны К.С. аттуу эркек киши Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, дайынсыз болгондугу тууралуу маалыматты 17-июлда туугандары билдиришип, издеп берүүнү суранган.

"Кечээ, 14-августта издөө иштерине 5 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон жок. Издөө иштери убактылуу токтотулуп, куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан