Жол кайгуул кызматкерлери Таиланддан келген туристтерге жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
"Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош-Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында унаасы бузулуп, бир нече күндөн бери унаасын оңдой албай туруп калышкан. Аларды Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен. Ал эми, туристтерге тамак-аш, суусундуктарды алып беришкен", - деп билдиришти башкармалыктан.
Өз кезегинде туристтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин көрсөткөн жардамын бийик баалап, рахматын айтып ыраазычылык билдиришкен.