Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы Тажикстанда өтүүчү жаштар турнирине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы "CAFA U-17 Championship 2023" турнирине катышат. Турнир 18-28-августта Тажикстандын Гиссар шаарында өтөт.