АКШнын Гавайи штатындагы Мауи аралындагы өрттө мерт болгон жарандардын саны кеминде 96га жетти. Жергиликтүү бийлик каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгын, учурда 100дөй адамдын дайыны чыкпай жатканын кабарлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Ага ылайык, штаттын губернатору Жош Грин 13 миңдей адам жашаган Лахайна тарыхый шаарында 2700дөн ашык имарат жабыркаганын айткан. Мауи округунун бийлиги өрттүн эки очогун өчүрүү дагы деле уланып жатканын кабарлады.
Белгилей кетсек, Мауиде өрт өткөн аптанын башында тутанган жана "Дора" ураганынан улам катуу соккон шамал өрттүн кыска убакытта бир топ аймакка жайылышына түрткү берген.