"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын автомунаралары модернизациялоодон өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.
Кабарлангандай, болжол менен беш унаанын сырткы көрүнүшү жаңыртылып, косметикалык жаңылануудан кийин атайын техника кортеж менен кызматка кетти.
Бишкекте күнү-түнү нөөмөттө турган 12 автомунара бар.
Эгерде көчөңүздө капысынан караңгы болуп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына чалсаңыз болот: (0312) 46-30-89, 57-63-51, шт: 0777 902-115.