Өлкөдө соңку суткада 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта ӨКМ билдирди.
"Бишкек шаарында – 3; Ош облусунда – 4; Ысык-Көл облусунда – 4;Ош шаарында – 2; Жалал-Абад облусунда - 2; Чүй облусунда – 1; Нарын облусунда - 1 өрт кырсыгы катталды", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Белгиленгендей, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 6 чыгуу болгон.