Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти социалдык автоунаа сатып алууга сынак жарыялайт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 8 миллион 725 миң сомго төрт унаа сатып алуу пландалууда.
Унаалар борбор калаанын төрт районуна бөлүштүрүлөт.
Сынак тууралуу кеңири маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.