Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтөт. Ошондой эле жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.
Учурда Супер концертке даярдык күч. Азыркы тапта уюштуруучу топ сахна жасалгасы менен алектенип, балатыларды, жарыктарды орнотушууда.
Быйыл жылдын мыктылары ким болот? Таажы кайсы сулууга буйруйт? Ага Супер концертте чогуу күбө болобуз. Андыктан, бул көз ирмемди өткөрүп жибербеңиз!
Эске салсак, "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы концерти 2006-жылы "Жылдын жылдыздары" деген аталышта коюлган.