Маданият министрлиги тарабынан айылдык китепканалар текшерилип жатат

Маданият министрлиги тарабынан айылдык китепканаларды мониторинг жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, министрлик айылдык китепканаларды заман талабына ылайыкташтыруу иштерин баштоо үчүн алдын ала дыкат мониторинг жүргүзүүнү улантып жатат.
Кезектеги мониторинг министрдин орун басары Айнура Аскарова баштаган жумушчу топ Жалал-Абад облусунун Жалал- Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондору жана Кара-Көл шаарында болгону айтылат.
Мындай кадам аймактагы китепканалардын иш алып баруусун жеринен көрүүгө багытталып, комплекстүү чечимдерди кабыл алууга негизделмекчи.
"Буга чейин мындай мониторинг Чүй облусундагы райондордо жүргүзүлгөн. Жумушчу топ алдыда өлкөдөгү бардык айылдык китепканаларга пландуу текшерүү ишин жүргүзүүнү пландоодо.
Жалал-Абад облусунда жалпы китепкананын саны 195ти түзөт. 1 облустук 4 шаардык, 8 райондук 11 балдар китепканасы жана 171 айылдык китепкана бар. Айылдык китепканалардын ичинен 163ү айыл өкмөттөрдүн карамагында.
Көпчүлүгүнүн имараттарынин эскилиги жетип, китеп фонду толукталбай, китеп сактоо жана иш алып баруу иши талапка жооп бербейт", - деп жазылат маалыматта.
Китепканалардын бүгүнкү абалы, китеп фонду, тейлөө сапаты жана окурмандардын келүүсү тууралуу маалыматтардын анализи чыккан соң, алардын ишин оптималдаштыруу боюнча иштер башталары кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан