
Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 19-27-август күндөрү Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтөт. Анда Кыргызстандын намысын жөө күлүктөр Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова коргойт. Улуттук курама команда машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында мелдешке катышат.