Монголиядагы Азия чемпиондугунда тогуз коргоол боюнча кыргыз спортчулары 4 медаль жеңди

Монголияда 4-августтан 12-августка чейин тогуз коргоол боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Азия чемпиондугу 14 жана 19 жашка чейинки улан-кыздар арасында, ошондой эле чоңдор арасында "стандарт", "блиц" жана "рапид" категорияларында өткөрүлдү.
"Кыргызстандын атынан жалпысынан 32 спортчу катышты, алардын ичинен 5 олимпиадалык резервдеги спорттун улуттук жана стол үстүндөгү түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары.
"Стандарт" категориясында Сейдахматов Байымбет биринчиликти багындырды. Сагыналиева Гүлайым коло медаль тагынды. Ал эми "Блиц" категориясында Кудайбердиев Марсель жана Асанкулова Эркежан коло медалдарды жеңип алышты", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан