Ирандын мечитиндеги теракт: Кол салгандардын бири Тажикстандын жараны болуп чыкты

Ирандын Шах-Черах мечитинде ок чыгарган террористтердин бири Тажикстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Tasnim басылмасы аталган өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Түштүктөгү Шираз шаарында теракт 13-августка караган түнү болгон. Белгисиз эки адам ок атуучу курал менен мечитке кирип келип, ок чыгара башташкан.

Акыркы маалыматтарга караганда, кол салуу учурунда эки адам каза болуп, сегизи жарадар болгон.

Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери кол салгандардын бирин атып өлтүрүп, экинчисин колго түшүргөн. Ал сурак учурунда өзүн Рахматулла Норозов деп тааныштырган Тажикстандын жараны болуп чыкты. Айрым маалымат булактары ал 23 жаштагы Комрон Субхон экенин жазышты.

Ирандын коопсуздук күчтөрү терактка тиешеси бар деп шектелген дагы он адамды кармады, алардын баары чет элдиктер экени айтылды. Бирок алар кайсы өлкөнүн жараны экени тактала элек.

Басылманын маалыматына караганда, кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алды.

Бул теракт аталган мечиттеги биринчи окуя эмес. Буга чейин 2022-жылдын октябрында Шах Черах мечитине кол салуу болуп, андан кийин куралчан террорист 13 адамды өлтүргөн. Кийинчерээк ирандык маалымат каражаттары ок чыгарган адам Тажикстандын жараны болуп чыкканын, ал кармалгандан кийин ооруканага жетпей каза болгонун жазышкан. Үстүбүздөгү жылдын июль айында ал чабуулга тиешеси бар дагы эки киши дарга асылган.

Бул Тажикстандын жарандарынын экстремизмге катыштыгы бар деген шек менен кармалышы биринчи жолу эмес. Ушул жылдын июль айында Германиянын бийлиги теракт жасоого аракет кылган деп шектелген беш тажикстандык кармалганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан