"Салам, Кыргызстан!". Легендарлуу футболчу Роналдиньо кыргызча учурашты (видео)

Легендарлуу бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанда үч күн жүрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн видео кайрылуусунда айтты.

"Салам, Кыргызстан! "Барса" эми расмий Кыргызстанда. Мен "Барса" легендалары менен бирге сиздер менен үч күн чогуу болом", - деди Роналдиньо.

Белгилей кетсек, Роналдиньо Кыргызстанга 28-августта келет. Ал КМШдагы жалгыз "Барселона" футбол академиясынын ачылышына катышып, 30-августта Бишкекте "Орто Азия легендалары" командасына каршы оюн өткөрөт.

Роналдиньо Кыргызстанда үч күн жүрөрүн айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан