Кыргызстандыктар эми эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот  

Эми кыргызстандыктар базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган министрликке караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алуудан мурун QR-кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди.

"Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарга жооп береби же жокпу, мунун бардыгын ар бир жаран QR-код аркылуу көрө алат.

Бул система эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан