Өлкөгө 20 миллион сомдук кол сааттар мыйзамсыз киргендиги аныкталды (фото)

Кыргызстанга баасы дээрлик 20 миллион сомду түзгөн кол сааттарды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Анда бажы мыйзамдарын бузууну табууга жана алдын алууга багытталган иш-чаралардын алкагында сааттарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысы ачыкталды.

Малайзиядан эл аралык почта рейси менен келген "Элдик-Экспресс" ЖЧКсынын дарегине келген аба жүктөрүнө бажылык текшерип кароосун өткөрүүдө кол сааттар, анын ичинде "Bernhard H. Mayer" маркасындагы сааттар жана көрсөтүлгөн жөнөтүү документтеринде жана жүктү алуучулардын реестринде маалыматтарга ылайык келбеген башка товарлар табылган.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасы боюнча, кармалган товарлардын орточо базар баасы 19 миллион 807 миң 532 сомду түздү. Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 миллион сомго жетет.

Чогулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгендиги белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан