Сузакта тургундун үйүнөн 2 килограммга жакын баңгизат алынды

Сузак районунун тургунунун үйүндө 2 килограммга жакын баңгизат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 4-июлунда Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Сузак районунун аймагында "А” аттуу жаран баңгизатын ири өлчөмдө сатып жана таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган.

Ага ылайык, аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “А” аттуу жарандын өздөгү аныкталып, ал Сузак районунун тургуну 1997-жылы туулган Х.Т.А. экендиги аныкталды.

"Кылмыш иши боюнча милиция кызматкерлери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш чаралары жүргүзүлдү. Ага байланыштуу 11-августта Сузак айылынын Х.Т.А. тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда короосундагы сарайдын ичинде каптарга салынган банкалардын арасынан 2 даана скочт менен оролгон, өзгөчө кескин жыты бар, салмагы болжол менен 2 килограммга жакын баңгизаты табылды", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми алынган заттарды так аныктоо максатында атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалды.

Учурда кармалган шектүү Х.Т.А. Сузак РИИБдин Убактылуу кармоо жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан