“Бүгүн кечинде өтүүчү “Супер концерт-2013кө” даярдыгым жакшы”,- деп билдирди ырчы Аваз Акимов. Айтымында, учурда концертке кийип чыгуучу формасын даярдоо менен алек.
“Бир аздан кийин бийчилер менен чогуу репетиция кылабыз. Маанайым сонун. Күйөрмандарымды Супер концерттен күтөм”,- дейт Аваз.
Айта кетсек, ырчы "Ай-ай-ай" деген ырынын клиби менен “Жылдын супер клиби” наамына ат салышууда.