Кыргызстандан Казакстанга 147 миллион теңге алып өтүп бара жаткан жаран кармалды

Коңшу Казакстанга ири суммадагы акчаны алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол-автожол" өткөрмө пунктунан Казакстанды көздөй бара жаткан 1994-жылы туулган Ж.Н. аттуу Кыргыз жараны кармалган. Аны текшерүү учурунда рюкзагынан болжол менен 147 миллион казак теңгеси табылган.

Ал ири суммадагы акчаны керектүү документи жок эле алып өтүүгө аракет кылган.

"Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан