Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылында 14 жаштагы өспүрүм унаа айдап бара жатып 7 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-август күнү милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Кара-Суу районунун Папан айылында 7 жаштагы А.А. аттуу баланы ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткендигин билдирген.
Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
"13-август күнү болжол менен саат 16:16 чамасында Папан айыл аймагынын жашы жете элек 14 жаштагы Д.Ч. аттуу тургуну эки досу менен биргеликте атасынын унаасын айдап чыккан. Алар Бөрү айылындагы жолдо жөө басып бара жаткан 7 жаштагы А.А. аттуу баланы сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.
7 жаштагы бала денесинен жаракат алып, Ош облустук жаш балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда рулда өспүрүм болгондуктан баласына унааны берип койгондугу үчүн ата-энесинин жоопкерчилиги каралууда", - деп айтылат маалыматта.