Бүгүн, 15-августта Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 15:36да болгон.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая Поляна, Ырдык, Мундуз, Тилекмат, Кызыл-Суу, Оргочор, Чоң-Кызыл-Суу айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.