Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу Кыргыз жараны аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Орусияга иштөө үчүн барып, кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Атайын аскердик операциянын фонунда ал “Вагнер” жеке аскердик компаниясы менен келишим түзүп, Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган.
2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.